Жарыгысын жаштык кезимдин
Жалынысың алоо сезимдин
Жакшы көрөм бирок ардагым
Таңга чейин калбайм кечиргин
Тагдырысың сүйүү сезилди
Таалайымсың толгон кечимдин
Таарынарың билем а бирок
Таңга чейин калбайм кечиргин
Айтпагың сүүйү зарын
Ал сүйүү жүрөк дары
Үзүлбөс үмүт кылба
Үйүмдө күтөт жарым
Күгүм кирсе күтүп эзилдим
Күтүү менен күндөр кечирдим
Тагдыр жолу эки кайчылаш
Таңга чейин калбайм кечиргин»