Жүрөктү сууруп алдың,
Жашоомду буруп алдың.
Тартылып сыйкырыңа,
Туруп калдым.
Каректе күйүп кеттиң,
Каныма кирип кеттиң.
Күмүштөй шыңгыр этип,
Күлүп өттүң.
КАЙЫРМА:
Сенин жүзүңдөгү сулуу меңиң,
Сүйүүмдү козгоп менин,
“Сүйөмүн” дедим.
Сенин анар сымал бышкан эрдиң,
Сезимимди козгоп менин,
“Секетим”- дедим.
Алтыны ашык жандын,
Асманда басып калдым.
Көзүңө бир жалт карап,
Катып калдым.
Балыктай туйладың го,
Байкеңди кыйнадың го.
Тутанган махабатым,
Туйбадың го…
Нурмат Садыров — Тутанган махабат тексти
Датасы: 28.08.2020 Көрүүлөр: 1644