Сыртыңдан сүйүп жүрөм
Тажабай кылыгыңдан
Жүзүңдөн нур төгүп
Жылмайсаң мыйыгыңан

Жактырып караганың
Көзүңдөн байкалбайбы
Сүйүм ташып жатса да
Тайсалдап айта албаймын

Кайырма:

Жүзүңдөн жамалыңдан
Назыңдан ажарыңдан
Дартыма окшоп жүрөк
Бүркөлүү кабагыңдан

Жүзүңдөгү боегуң
Жарашып келбетиңе
Сүрөттүңдү кечке тиктеп
Айландым эрмегим деп

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *