Датасы: 03.09.2020
Формат: mp3

Суурулуп сөз чыкпайт мындайда
Суу жетпей кургаган таңдайда
Электеп кол жансап чакырам
Элесиң турганда маңдайда

Жүрчү элек үстүндө булуттун
Капырай кантип сен унуттуң
Көлгөлөп олтурам жол ачып
Атигине мынча куруттуң

Кайырма:

Суранам сенден суранам
Суусаттың кайда убадаң
Алыстан издеп сен келсең
Актаалар эле убараң
Өтүнөм сенден өтүнөм
Өзөктөн онго бөлүнөм
Айырма издеп келатсаң
Алдыңдан нур болуп төгүлөм

Бара албайм алдыңа шарт жетип
Баратам ансайын шай кетип
Айламды таба албай турганда
Ай болуп чыга кел жарк этип

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *