Датасы: 08.09.2020
Формат: mp3

Кыз элем секелек,
Сүт ооздон кете элек ай,
Өз энем болдуңуз,
Колумдан жетелеп ай,
Буйругу жараткандын,
Бүлөлүк ордум таптым
Айланып кагылып
Ак шамдай жагылып
Апаке жүрөгүн ачтың
Аппак жоолук салып
Алтын сөйкө тагып
Апаке кучагын ачтың

Ыппысык чайын куйайын
Ийилип сизге сунайын
Ийгилик ошол деп билем ий мен үчүн
Иймелип сизден турайын
Жүгүрүп чайын куйайын
Жүгүнүп сизге турайын
Жаркылдап жаныңызда дайыма апаке
Жүрөктөн кызмат кылайын

Күлкүгө оройун
Кызыңдай болойун ай
Колуңду узартып
Оң колуң болойун ай
Тагдырым белек кылган
Ата-энем керээз кылган
Ак тилек үмүттү
Апа сизди сүйүнтүп
Жан дүйнөм күлдөй ачылган
Батаңыз аркылуу
Болуп мен бактылуу
Жайнаймын күлдөй ачылган

Ташкент кызы Гүл — Ысык чай тексти: 5 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *