Алтын бешигим, түшүмө кирдиң,
Ансайын сага арналат сүйүүм.
Ырымды сунам, сапарым улайм,
Сагынып сени, элестеп улам.
Анда мен бала чуркап ойногон,
Андагы кыял сезим козгогон.
Айлуу түн, кечтер, балалык кездер,
Кусадар кылдың эсимден кетпей.
Таңдын шооласы, эненин үнү,
Таңкы шүүдүрүм, жоогазын гүлү.
Айылдын деми, сагындым сени,
Баратам сага, тосуп ал мени.
Киндик кан тамган туулган жерим,
Кадырыңа, эй, жетер бекенмин?
Ала-Тоо — жерим, кыргызым — элим,
Арча бешигим, Ата Мекеним…
Кадырыңа мен жетер бекенмин?
Баратам сага тосуп ал мени.