Жонундагы жүгү оор дыйкан тоо жакты беттеп баратып наалыган экен:
– Жүгүмдү жеңилдетсең боло, Кудай. Же бир жанымды алып тынып, ушул азаптан куткарсаң боло.
Ошол учурда эшеги жолдон өлүп калган соодагер, өлгөн эшегинин ээрин дыйканды мажбурлап көтөртүп коёт. Дыйкандын да аргасы болбойт көтөрбөскө.
– Кудай-ай, жүгүм оор экенин сага түшүндүрө алган эмес экемин; а мүмкүн мени түшүнбөй калдың бекен, – дептир дыйкан.
Ууру
Байдын үйүнө ууру кирет. Кожоюн үйүндөгү ууруну көрөр замат аны таяктап, кармайын дейт. Бирок ууру мурдарак озунуп, кожоюнду сабап айтып турганы:
– Эмнеге менин иш кылып атканымды көрүп: “Кудай сакта!” дебейсиң?
Кожоюн чуу салып, элди жардамга чакырат. Ууруну кармап сотко алпарат. Сот уурудан сурайт:
– Кайсы жакшы ишиң үчүн Кудайды оозуңа алдың? – десе, ууру айтат дейт:
– Кожоюн үчүн жакшы иш болбосо да, мен үчүн жакшы эле иш болучу.
Бирок бул кеп ага эч кандай арачы боло албаптыр, ууруну асып өлтүрүү буйругу чыгыптыр.