Датасы: 27.05.2024
Формат: mp3

Саргартып түрлүү ойлор менен
Сүйүүнүн чексиз түбү кенен
Бакытка бөлөнтүп кээ бирин
Бүтпөгөн шаңга бөлөп терең
Өмүрдө махабатсыз күндөр болбойт
Жашоонун көркү толбойт


Кайырма:
Сүйүү балы жайнасын дагы
Сүйүүсүз өткөн адам барбы
Бир сүйүнүп бир тартып кайгы
Күчтөнтөт сезим алсыз жанды
Сүйүү бар жакындарың менен


Сүйүү бар жаратылыш деген.
Жашасаң тунук сезим менен
Бакыттын түбү сүйүү менен
Өмүрдө махабатсыз күндөр болбойт
Жашоонун көркү толбойт


Кайырма:
Дүйнөнүн түп тамырын
Жашоонун бүт маңызын
Ак сүйүү кармап турат
Жашасын сүйүү балы
Бербесин күйүт, кайгы
Сүйүү менен жашайлы

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *