Ай-күндөй тегиз болгон,
Жашоомо негиз болгон
Мен үчүн аябаган,
Мээрими деңиз болгон,
Сагындым, апа, сизди.
Деңиздей кемибеген,
Дүйнөсү мени менен.
Өлүмгө башын сайып,
Жүрөгү уулум деген,
Сагындым, апа, сизди.
Урушуп чыңдаса да,
Уулум деп сындаса да.
Абалың сурап турган,
Ал өзү сыркаса да,
Сагындым, апа, сизди.
Сагыныч — Сагындым, апа, сизди тексти
Датасы: 18.09.2020 Көрүүлөр: 3145