Датасы: 16.09.2020
Формат: mp3

Бактысыз жаным, бактылуу болгун,
Бош эми жолуң, бош эми колуң.
Таалайлуу болгун, тагдырлаш жолум,
Талкалап кетти тартылган торун.
Ызгаарлар учуп, уямды бузуп.
Ууланды сүйүүм, демимди кысып,
Ушуга жетти, турмуштун кеги,
Кечирдим сени, кечиргин мени.
Кайырма:
Жүрөгүм жалын, өрттөнүп багым.
Жүдөдү жаным, сынганда шагым.
Кош бол сүйгөнүм, кош бол сүйгөнүм.
Буйруксуз жарым, буйрубай калдың.
Кериле тарткан, көшөгө бошоп,
Көгөрбөй калды, көктөсө болмок.
Жылдыздар жанбай, жылуулук таппай,
Жылт этип өчтү, армандуу боздоп.
Жүрөк кылдары, муңдуу ырдады,
Жаштык жылдары, жаным кыйналды.
Жашоого көнүп, жазганын көрүп,
Жашап келемин, жалыным төгүп.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *