Жаз келсе жаным, ак куу, келесиңби?
Жадырап жаздан салам бересиңби?
Кышты да жаздай сезип жыргай берем,
Эскерип эркелеген элесиңди.
Сен келип көк көлүмө кондуң, ак куу,
Көйкөлүп көңүлүмө толдуң, ак куу.
Көзүмдүн отун чачсам көл жээгинен,
Көксөгөн периштемдей болдуң, ак куум .
Болдуң, ак куум.
Кайырма:
Ай, ак куум ай, аппак аруу, ак куум, ай,
Адамга кайдан жактың, ай ак куум, ай?
Үлпүлдөп сүзүп көлүң менен
Үмүттөй бүтпөс бактым, ай,
Ай, ак куум, ай.
Ак куу жан жаркын жазды, күз да жеңди,
Сен учар жылуу жакка мезгил келди.
Кош айтып арга жоктон, жаным ак куу,
Кыл кыяк жандан бүткөн сыздай берди .
Кайырма :
Ай, ак куум ай, аппак аруу, ак куум, ай,
Адамга кайдан жактың ай, ак куум, ай?
Калкылдап учуп көгүң менен,
Кайрылып келчи бактыма.
Ай, ак куум ай, аппак аруу, ак куум, ай,
Адамга кайдан жактың, ай, ак куум, ай,
Үлпүлдөп сүзүп көлүң менен,
Кайрылып келчи бактыма,
Ай, ак куум ай, бактым, ай.
Адилет Азимов — Ак куу жан тексти
Датасы: 16.09.2020 Көрүүлөр: 220