Ууру болуптур бир. Бир күнү ал кедейдин үйүнө кирет. Кожоюн кармап алат. Суракка алат ууруну:

– Не издеп келдиң?

Уурунун жооп узатып турганы:

– Байлык издеп жүрмүн.

Муну уккан кожоюндун күйбөгөнү күл болот:

– Ой атаңдын оозун урайын десе, кандай уяты жок немесиң! Мен күндүзү издеп таппаган байлыкты сен түнүчүндө табат бекенсиң?!

Кургабаган сүлгү

Үйлөнүү үлпөтүнөн көп өтпөй төркүнүнө жөнөгөн келинден өз энеси сурап калды:

– Кандай анан, кайненең менен болгон мамилеңер көңүлдөгүдөйбү?

– Баары жайында, бир гана мага жакпаганы: алардын үйүндө сүлгү кургабайт экен.

– Кызым, сен үйдө алардан кеч ойгонуп турган үчүн ошондой да. Бетиңди кургак сүлгүгө сүртүнүш үчүн, сен демек башкалардан мурда озунуп, төшөгүңдөн таң заарында турушуң керек, – дептир апасы.

Чындыкты айтуу

Өлүм алдында жаткан күйөөсү зайыбын чакырып сураптыр:

– Кемпир, өлөрүмдү көрүп турасың, чыныңды айтчы: өмүрүңдө көзүмө чөп салдың бекен?

– Болуптур, айтайын. А кокус тирүү калсаңчы, анда өзүмдү өлтүрүп тынып жүрбө? – деген экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы60
Акылдуу кыз жомок47
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Кырк калп жомок26
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Коён менен кирпи23
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу балдар16
Акылдуу кыз14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *