Түнкү Бишкек кереметмсиң сулуусуң
Көркөм сырың бар
Түн жамынган ар кыл обон кайрыктар
Мукам ырың бар
Көлөкөмдө шамдарыңды айланган
Көрсөң сынык бар
Мен билбеген, менден катып жашырган
Сенин сырын бар

Кайырма:
Түнкү Бишкек, түнкү
Бишкек менин сүйүүм бар
Сенде гана чечилер бир түйүн ал
Көзүмдөгү мончок эмне дебегиң
Ишеничимди актабаган сүйүүм ал
Күбө элең бактыбызга а бүгүн
Колумда гүлүм бар,
Колумда гүлүм бар
Коштошуу гүлүм бар

Түнкү Бишкек билесиң го сен менен
Сыймын, ызатмын
Түшүнөмүн көңүлүңдү сындырдым
Билем муздаттым
Кала албадым жалган арман бийлеген
Ичинде тузактын
Кечирээрсиң, сенден тапкан сүйүүмдү
Өзүңө узаттым

Кайырма:
Түнкү Бишкек, түнкү
Бишкек менин сүйүүм бар
Сенде гана чечилер бир түйүн ал
Көзүмдөгү мончок эмне дебегиң
Ишеничимди актабаган сүйүүм ал
Күбө элең бактыбызга а бүгүн
Колумда гүлүм бар,
Колумда гүлүм бар
Коштошуу гүлүм бар

Түнкү Бишкек, түнкү
Бишкек менин сүйүүм бар
Сенде гана чечилер бир түйүн ал
Көзүмдөгү мончок эмне дебегиң
Ишеничимди актабаган сүйүүм ал
Күбө элең бактыбызга а бүгүн
Колумда гүлүм бар,
Колумда гүлүм бар
Коштошуу гүлүм бар

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *