Бир поп кол алдындагы кызматчысы кайыр садаганын акчасынан уурдап жүргөнүн билип калып суракка ала баштайт.

— Ыйык идишке эмне үчүн кол салып, күнөөгө батып жүрөсүң, көр пенде?

Поп чокунуу залынын аркы башында турган, андыктан аралык алыс болчу. Кыйын абалга кабылганын билген кызматчы укпамыш болуп арамзаланат:

— Ыя, эмне дейсиз? Бул жерден угулбай жатат.

— Кулагыңа кебез тыгып алдың беле, көр пенде! Эмне үчүн ыйык идишке кол саласың?

— Ыя, эмне дейсиз? Угулбай атат!

— Сеники жакшы эле угулуп атпайбы! Эмне арамзааланасың?

— Ыя?

Жини келген поп кызматчынын жанына жетип барып демитет:

— Эй укпамыш болуп, эмне арамзааланасың дейм!

— Чын эле уккан жокмун. Бул жерден угулбайт окшойт. Ишенбесеңиз сиздин ордуңузга барып кыйкырып көрөйүн, баары бир укпайсыз.

— Угам эле, барып кыйкырмактан акырын шыбырасаң да угам,- дейт поп.

— Укпайсыз, — деп ишенимдүү айткан кызматчы поптун ордуна барып сүйлөйт: — Эй көр пендем, биздин Сатурниндин аялына эмне үчүн барып жүрөсүң?

— Чын эле бул жерден эч нерсе угулбайт экен, — деп муну укканда чочуп кеткен поп кызматчынын оозун басканы жүгүргөн экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)102
Алия менен жылкы78
Наристе чакта көргөнүм76
Жетим менен сыйкырчы жомок58
Акылдуу балдар47
Бир туугандар - Карагат тексти44
Кыска жана күлкүлүү жомоктор36
Көмөч нан (колобок) жомок29
Акылдуу бала28
Карышкыр менен эчки26

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *