Тоолуктардын үчөөсү аюуга аңчылыкка жөнөшөт. Кокусунан алдыларынан аюу көрүнө калып, үңкүрүнө кире качат. Анда алабарман бирөөсү айтып турганы:

– Аюунун артынан мен да үңкүргө кирейин, кокус бир балээ болсо, буттарым тыбырар замат артка сүйрөп чыккыла.

Ошону менен кирип кетип, бир убакта буттары тыбырайт. Шериктери сүйрөп чыгып караса, тигинин башы жок. Анда бирөөсү айтат дейт:

– О Кудайга шүгүр, тулку бою бүтүн экен, а бирок башы кана? – десе жанындагысы:

– Мүмкүн мурда эле башы жоктур, сен аны даана билчү белең?

Тиги да арасат үн катат:

– Кудай урсун, эсимде жок эй. Жүрүчү, койнундагы колуктусунан сурайлы.

Ээрчишкен экөө шорго кабылган мергенчинин колуктусуна барып, күйөөсүнүн башы болгон, болбогонун сураса, ал айтат:

– Буюрбасын, башы болгонун билбейм, бирок жылыга эле баш кийим сатып алчу.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алтын балык26
Кыска жана күлкүлүү жомоктор21
Көмөч нан (колобок) жомок18
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)11
Жетим менен сыйкырчы жомок11
Акылдуу кыз10
Жарык жол8
Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок6
Акылдуу балдар5
Аю менен чиркей5

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *