Датасы: 22.09.2020
Формат: mp3

Жүрөктү эледиң бир өзүң
Көңүлдү жибитти мүнөзүң
Түбөлүк бир болуп өтсөк деп тилеймин
Сен менен бакыттын даамын татамын
Өзүңсүз күндөрдөн качамын
Жанымдан кетпечи
Дайым жаным дечи

Узун жолдо бул жашоодо
Сен менен бир болсом
Бакыт конот
Сүйүү болот
Бир өзүң колдосо
Өмүрүмдү көңүлүмдү бир сага арнайын
Сүйүү менен жалгыз сени ар дайым арбайын

Сен менен бир болсом ак таңда
Кубаныч көтөрөт асманга
Дайармын махабат суусуна акканга
Өзүңсүң жандаган менин жыргалым
Бир сага арналат ырларым
Жанымдан кетбечи
Дайым жаным дечи

Жүрөктү эледиң көңүлдү жибиттиң
Жанымдан кетпечи
Дайым жаным дечи
Сен менен бир болом бир өзүң колдосоң
Жанымдан кетпечи
Дайым жаным дечи


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *