Биз барганда ээрчишип Айгүл тоого,
Ай тийиптир эми эле аркы зоого.
Ай алдында шамалга ыргалышат,
Айга тосуп жүздөрүн өйдө боло.
Кайырма:
Айгүл гүлү өзүңдөй ачылыптыр,
Ар бир сабы мончоктой гүлгө толо.
Ааламдагы гүлдөрдүн ханышасы,
Арнагым бар өзүңө ырга кошо.
Айгүл дагы бизге окшоп сагынгандыр,
Мээрим чачкан асманда жылдыз толо.
Жоодураган көздөрүң гүлдөй жайнайт,
Менин колум белиңе оролгондо.
Кайырма:
Биз өткөргөн кадыр түн Айгүл тоодо,
Биринчи эмес миң ирет дагы болсо.
Берер элем өмүрдү өзүң үчүн,
Айгүлүмдөй тунугум керек болсо.
Кайырма:
Нурмат Садыров — Айгүл гүлү тексти
Датасы: 24.09.2020 Көрүүлөр: 2496