Датасы: 16.12.2021
Формат: mp3

Аллахым кечиргин, кечиргин,
Атың билбей канча эсирдим…
Аллахым — кечиргин кемдигим,
Кулу болгом арсыз сезимдин.

Кайырма:

Ырыскыны берүүчү жалгыз — Алла,
Касиети Курандын азык жанга.
Кетсе дагы атагым алыстарга,
Ыйманы жок дүйнөдөн жанымды алба.

Аллахым — кабыл кыл тилегим,
Алсыз жанмын аны билесиң.
Аллахым ар күнүн сүйөмүн.
Атын айтып соксун жүрөгүм

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *