Kyrgyz-audio.com

Kyrgyz-audio.com

Кыргызча mp3 каталогу: Ала-Тоо таңшыйт, жомоктор жана башка кызыктуу аудиолор жана текстер жыйнагы.

  • Жаны / Новинки
  • Жыйнактар / Сборники
  • Эн мыкты / Лучшая
  • Ырчылар / Исполнители
  • Ырлар
    • Ырлар 2021
    • Ырлар 2020
    • Мугалим жонундо ырлар
    • Ата жөнүндө ырлар
    • Хит ырлар
    • Той ырлары
    • Эне, апа жонундо ырлар
    • Сүйүү ырлары
    • Мекен ырлары
    • Туулган күнгө ырлар
    • Комуз ырлары
    • Аккордеон ырлары
    • Эски ырлар
    • Гитара ырлары
    • Кайгылуу ырлар
    • Шандуу ырлар
    • Орусча ырлар
    • Жениш куну, 9 май жонундо ырлар
    • Казакча ырлар 2021-2024
    • Жаз жонундо ырлар
    • Мусулман ырлары
    • Озбекче ырлар
    • Балдарга ырлар
  • Жомоктор
    • Кыргыз эл жомоктору
    • Аудиожомоктор
    • Cыйкырдуу жомоктор
    • Кыска жомоктор
    • Турмуштук жомоктор
    • Күлкүлүү жомоктор
    • Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор
    • Жомоктор суроттору менен
    • Коркунучтуу жомоктор
    • Орус эл жомоктору
  • Кыргызча минусовка
  • Аудио китептер
  • Караоке кыргызча
  • Байланыш үчүн
  • Facebook
Биздин сайтты смартфоңузга көчүрүүп алыңыз

Жаңы кошулду

  • Sam Kubatov — Болен тобой тексти 27.04.2025
  • NURI — Көрүшкөнчө тексти 26.04.2025
  • Bakr x Бегиш — Сен тап тексти 26.04.2025
  • Jeedesh — Бери кара тексти 26.04.2025
  • Айжамал Кабылова — Сенсиз деле тексти 26.04.2025

Элге жаккан топ 10 ырлар

  • Самара Каримова — Жеңиш күнү тексти(40)
  • Нурзамат Иманалиев - Суйом деп айталбадым тексти(15)
  • Кайрат Примбердиев - Көк бөрү(13)
  • Лира Райымбекова — Жүрөктөгү жаз тексти(12)
  • Азиз Батыров — Алга Кыргызстан тексти(11)

Кокусунан тандалган

  • Бек Борбиев — Окуучулук кайыгым тексти
  • Ильяз Абдыразаков — Өмүр бир келет
  • Иса Өмүркулов — Издеп сени (Remix)
  • Нурбек Саматов — Мумия тексти
  • Каныкей — Неге сен? (acoustic version) тексти

Жаңы комментарийлер

  • Аноним к записи Гитара ырлары
  • Кызжибек к записи Туулган күнгө ырлар
  • Миргул к записи Кутман Жолдошев — Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө
  • Аноним к записи Руслан Нарынбаев — Жоодураган көздөрүң тексти
  • Раяна к записи Биримдик

Жумадагы топ ырлар

  • Самара Каримова — Жеңиш күнү тексти(14)
  • Кайрат Примбердиев - Көк бөрү(13)
  • КЫЗ - БУРАК тобу — Апакем тексти(5)
  • Алихан — Кыялымдан кетпес тексти(4)
  • Нарынбек Калыбаев - Баткеним тексти(4)
  • Асель Турдалиева - Албырып шаттык жүзүндө тексти(3)
  • Бек Борбиев - Жалганым ай тексти(3)
  • Бек Борбиев, Жазгүл Салидинова - Мен Сүйгөн карагат тексти(3)
  • Жумагүл Раимжан кызы — Тынчтык болсун(3)
  • Кенже Көбөкова — Мен кыргыздын кызымын тексти(3)

Кыргызча ырлар » Алмаз Шаадаев

Алмаз Шаадаев — Жаркырасын Кыргызстан тексти 1

Алмаз Шаадаев — Жаркырасын Кыргызстан тексти

Датасы: 23.09.2020 Көрүүлөр: 2471
  1. play

    Жаркырасын Кыргызстан тексти

Sorry, your browser does not support HTML5 audio.

Чейрек кылым өткөрдүк,
Эркиндикке эркелеп.
Алга жылбай келебиз,
Башкалардай эртелеп.
Союз кезде баарыбыз,
Тең укуктуу болчу элек.
Бай кедей деп бөлүнбөй
Бактылуулук көрчү элек.
Азыр жашоо өзгөрдү,
Акчалуулар кеп айтат.
Баш бербеймин эчкимге,
Баарын чечем деп айтат.
Келечектен коркомун,
Кандай заман келатат?
Кайра-кайра титиреп,
Кайгырганын жер айтат.
Ар бир атуул башына,
Карыз түштү калдайган.
Эл көрбөдү пайдасын,
Чоңдор өзү кайтарган.
Кайда кеткен ал акча,
Издебейли сайлардан.
Жинди деле түшүнөт,
Сураш керек байлардан.
Завод менен фабрика,
Жиликтенип жок болду.
Жыргап жүрөт саткандар,
Тоок уурдаган соттолду.
Бекем болбой тартиби,
Мыйзам байкуш бош болду.
Сойку сатып алгандай,
Алса болот сотторду.
Элден чыкпай депутат,
Байдан чыгып отурат.
Элпек болбой ал өкүл,
Каалагандай кутурат.
Иши менен кыйратпай,
Тили менен тутулат.
Мыйзам бузуп кармалса,
Пулун берип кутулат.
Мода кууп жаштарың,
Билим калды окулбай.
Сериал көрүп чоң эне,
Байпак калды токулбай.
Жемиш келип Кытайдан,
Жерлер калды чокулбай.
Балдар калды төрөлбөй,
Элдин саны кошулбай…
Артка кетип жатканга,
Ак үй эмес күнөөкөр.
Акыл калчап көрөлү,
Өзүбүздө күнөөлөр.
Азыр ыйман жок болуп,
Окулбайтат сүрөөлөр.
Жемин чачып башкарат,
Алыс жактан бирөөлөр.
Мамлекеттин кайгысын,
Парламенттен көрсөңөр.
Пулун алып шайлаган,
Күнөө бизде билсеңер.
Оңололу өзүбүз,
Үмүт менен жүрсөңөр.
Жүрөк менен шайлайлы,
Туулган жерди сүйсөңөр…
Акча алып кыйкырбай,
Эл жер үчүн чыгалы.
Жанды бакпай итке окшоп,
Элге кызмат кылалы.
Алаксыбай башкага,
Эл көңүлүн буралы.
Үлгү болуп жаштарга,
Ыйман нурун суналы.
Тартуу кылып бул ырды,
Тарых үчүн сыямын.
Оңололу баарыбыз,
Мен да өзүмдү тыямын.
Жаркын болот келечек,
Жакшылыкты туямын.
Жаркырасын Кыргызстан,
Жалгыз ушул кыялым.

Сизге балким булар жагат?

  • almaz-shaadaev
    Алмаз Шаадаев — Эми мага баары бир, Хит 2018, тексти
  • default-music
    Алмаз Шаадаев — Тартынам тексти
  • default-music
    Алмаз Шаадаев — Ананайын тексти
  • default-music
    Алмаз Шаадаев - Эки Журок тексти

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз Отменить ответ

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *

Ырлар жыйнактары

Жаны ырлар
Жыйнактар
Эн мыкты
Ырлар 2021
Ырлар 2020
Хит
Той
Эски
Шаңдуу
Кайгылуу
Энелерге
Аталарга
Кыздарга
Кичинекей балдарга
Мугалимдерге
Сүйүү
Мекен
Айылым
Туулган күнгө
Күз
Кыш
Аккордеон
Комуз
Гитара
Орусча
Өзбекче
Казакча
Мусулман
Facebook жазылыңыз   Жаны/Новинки  Жыйнактар/Сборники  Эн мыкты/Лучшая  Ырчылар/Исполнители  Жомоктор  Аудиокитептер  Жарнама боюнча   Автордук укук ээлерине 
© 2003-2025. Kyrgyz-Audio.com порталы.   Бизге жазыңыз: info@kyrgyz-audio.com.