Сабылып жүрүп өтсө дагы өмүр күнү-түн,
Санаасын катып айтпаган жанга күйүтүм.
Сабыры бүткөн саргая күткөн жанмын билип кой.
Сары оору болуп өзүңдөн үзбөй үмүтүм.
Артыкча сүйгөн акылдан азар сүйүү үчүн,
Аларды даңктап акындар жазаар сүйүүсүн.
Айбыгып сенден айталбай келген жанмын билип кой,
Арзыган жандын аселин татаар күн үчүн.
Ачылып күндөй жүрсөк да ар бир мүнөттө,
Алсырайт жүрөк ашыгын көрбөй күн өтсө.
Алоолоп күйгөн азапта жүргөн жанмын билип кой,
Арбалып сага ак сүйүүм толо жүрөктө