Датасы: 26.09.2020
Формат: mp3

Эртең менен азанда
Уйку балын татып жатып
Энесинин койнунда
Кучагына башын катып
Бейиш кирди түшүнө
Кичинекей наристенин
Аруу жандын түшүндө
Жакындардын элестери
Кудайымдын бейиши
Жүзүн нурлантып кубантты
Периштелер чакырып
Жанын жаннатка узатты
Сур булутту аралап
Ажал канаттарын какты
Буйрук саатын өзгөртпөй
Кайтчу пенделерин тапты
Адамдар уктап жатса
Асмандан учак кулады
Кырк түтүндү бир сүрүп
Жерди жексен кыла салды
Тагдырлар талкаланып
Тирүүлөрдүн жашы акты
Кырк чыракты очүрүп
Элим кайгысына батты
Кекиртекке тыгылып
Демим денени туйлатты
Жашым көздөн чыга албай
Жарып жүрөктү сыздатты
Сур булутту аралап
Пенделер көккө узады
Наристелер бейиштен
Түш көргөн бойдон кайтпады
Не кылалы бул буйрук
Кайрат кылгын алтын элим
Тең кайгыны бөлүштүк
Мындан артык эмне дейин
Аман калган Жакшылык
Бул Кудайдын белгисиби
Сага мага окшогон
Тирүүлөргө эскерттиби
Бизди күткөн убакыт
Бир заматта үзүлөбү
Өмүрүбүз кыйылып
Ичкен суубуз түгөнөбү
Түбөлүктүү эч нерсе
Бул дүйнөдө таба албайбыз
Анда неге умтулуп
Жакшылыкты кыла албайбыз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *