Датасы: 26.09.2020
Формат: mp3

Кеттим дейсиң келбес болуп түбөлүк,
Кош дегенге колуң бербей түнөрүп.
Кармай албай калтыраган денемди,
Калдым артта айтар сөзүм түгөнүп.
Алыстаса аралыктар узарып,
Сенделемин сендик ойго тушалып.
Сезген жоксуң жолугууга кайрадан
Сени мага алпкелерин кусалык.
Аркандалган азаптарга тордолуп,
Арман толгон аалам сага тар болуп
Калган кезде билдиң бекен мени издеп
Каларыңды карааныма зар болуп.

Один комментарий к “Эльзар Өскөнбаева — Кеттим дейсиң тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *