Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын жыргалымсың.
Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым мөлтүр аккан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай,
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан.
Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө ак куу ойноп, чардак учкан.
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.
Анарбек Ибраев — Сен менин жазылбаган ырларымсың тексти
Датасы: 28.09.2020 Көрүүлөр: 154