Кайгы-муңга кабылганда жан эркем,
Таң агызып жүрөгүңдүн так эртең
Канаттууга кактырбастан калкалап,
Кайрат болуп канга ойнодуң, жан эркем.
Келбетиңе көркү менен теңелген
Бул дүйнөдө сендей сулуу бар эчен.
Бирок, бирок жан бөлүшүп жанынан
Жандай көргөн жалгыз сенсиң, жан эркем.
Уул үйлөп, кыз узатып дагы эчен,
Мен кубансам сен жанымда жүр эсен.
Бул жашоого бир жаралып өзүңдү
Тапканыма бактылуумун, жан эркем.
Майрам Дүйшекеева — Жан эркем тексти
Датасы: 28.09.2020 Көрүүлөр: 174