Датасы: 27.09.2020
Формат: mp3

Кайчы бир кулак кара атым, ахай,
Кара атым эмес канатым, ахай.
Калың бир элдин ичинде, ахай,
Какшап бир ырдаар адатым, ахай.
Топчу бир кулак тору атым, ахай,
Тору атым эмес канатым, ахай
Топ жыйындын ичинде, ахай
Таңшып бир ырдаар адатым, ахай.
Жакалай бүткөн даракты, ахай,
Жайкы жел жүрүп ыргалтты, ахай.
Жайдары мендей жигитти, ахай
Жакшына кыздар ырдатты, ахай.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *