Бал татыган дүйнөмдүн
Байлыгы бул балалык
Жайнап турган гүл зардын
Жыпар жыты балалык
Жыргап ойноп, жомок коштоп
Жоругу көп балалыктын
Кайырма:
Таза, тунук кези көңүлдүн
Кайталангыс өмүрдүн
Кайрылбастан кетет бал агып
Балалыгың, өмүрүң
Көктөп турган дарактын,
Тамыры бул балалык.
Бул жашоонун жаркыган,
Жарык нуру балалык.
Күлүп, ойноп, кыял коштоп
Кылыгы көп балалыктын.
Кайырма:
Кызсайкал — Балалык тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 1773