Илгери бир Макмут деген киши отуз эчкиси менен аялы экөө оокат кылчу экен. Ал киши ар күнү эртең менен мөөнгө жуурат куюп алып, эчкисин жайып кетет. Ошол убакта бир карышкыр, бир түлкү болуптур. Түлкү келип Макмутту куйругу менен жыга чаап, жууратын ичип кеткени аз келгенсип, карышкыр бирден эчкисин жеп кетчү экен. Күнүгө экөө ошентип жей берип, он беш эчкиси калат. Макмут өзү ачка болуп жүрүп, арыктап бүтөт.

Макмут бир күнү чоң Карадөө дегенге айтат:

— Эртең сиз биздин үйгө конокко барыңыз.

Дөө коркконунан эртеси бармак болот. Макмут үйүнө келип, аялына:

— Карадөө келгенде жакшылап чай бергин, андан кийин эшикке чыгып: «Макмут, бул конокко эмне эт салабыз»,- деп кыйкыргын. Анда мен коктудан:

— «Мурунку дөөнүн башын сал, кийинки дөөнүн төшүн сал, ал аз келсе, алдагы дөөнүн сан этинен кесип сал» деп кыйкырам,- деп экөө акылдашып алды.

Дөө келгенден кийин Макмуттун аялы чай берет, андан кийин эшикке чыгып:

—  Макмут, эмне эт салам бул конокко?- деп кыйкырат.

Анда Макмут:

—  Мурунку дөөнүн башын сал, кийинки дөөнүн төшүн сал, ал аз келсе, алдагы олтурган дөөнүн сан этинен кесип сал,- деп жооп берет.

Бул сөздү угуп, Кара дөө коркконунан Макмуттун жаман кара үйүн мойнуна илип алган боюнча качып жөнөйт. Карадөө кетип баратып баягы түлкүгө кезигип калат. Анын аябай качканын көргөн түлкү:

— Эмне качып баратасың, бегим?- деп сурайт.

Анда дөө:

—  Ушунда бир Макмут деген алптан качып баратам,- дейт. Аны укканда түлкү кыт-кыт күлүп:

—  А кокуй, анын такыр алы жок, мен куйругум менен жыга чаап айранын ичип алчумун,- дейт.

—  Жок, калп айтасыз, ал жанда жок күчтүү,- деп дөө коркот. Түлкү болбой жатып ээрчитип келатканда, Макмут алдынан чыгып:

—  Кайран досум, жарайсың ишке, качкан дөөнү алдап ээрчитип келаткан турбайсыңбы?- деп кыйкырат.

Дөө түлкүнү башка бир чаап өлтүрүп, өзү качып баратып:

Кара дөө деген атагым болсо ушу Макмуттан качты дегенден көрөкчө, өлгөнүм жакшы эмеспи, — деп бийик зооканын башынан кулап өлөт.

Мына ушинтип «билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат» дегендей Макмут алы жок болсо да, акылы менен жоосун жеңип, аман калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы51
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу кыз жомок31
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок26
Кырк калп жомок25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок16
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *