Ал күндөр менин эсимде,
Али да сонун сезимде.
Ар дайым күтүп турчумун,
Алтынчы күнү кечинде.
Ак сүйүү турса көзүңдө,
Кубаныч турчу өзүмдө.
Сабактан бошоп сырдаштык,
Алтынчы күнү кечинде.
Эртелеп барсам бешимде,
Чыгарбай сырды эч кимге.
Ашыкпа дедиң, той болот,
Алтынчы күнү кечинде.