Бактылуумун, башкамын,
Бакытымды тапканмын,
Жашырбастан ачык айтайын.
Жүрөк толуп сүйүүгө,
Жүрөм арзуу көлүндө,
Жакшы көрдүм мен түбөлүккө,
Мен бактылуумун…
Кайырма:
Мен таптым көп күткөн махабатым,
Эркелеше жүрөлү, жаным.
Сен бактым, өзүңсүң жактырганым,
Сендик гана сезим, багым.
Жылмаюудан жаралган,
Биздин сүйүү — бүт аалам,
Жүрсөм деймин чыкпай жаныңдан.
Биздин бакыт түбөлүк,
Бийиктикте жүрөлүк,
Сезимдерди барктап өтөлүк.
Асель Кадырбекова — Бактылуумун тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 2637