Датасы: 28.08.2022
Формат: mp3

Жайдары жүргөн
Жылмайып күлгөн
Элесиң эсте калды
Сүйдүрүп алды
Сүрдөтүп жанды
Сезимге бүлүк салды

Кайырма:

Жүрөгүм жүрөгүм
Өзүңдү сүйөмүн
Көзүңдө күйөт бир жалын
Жүрөгүм жүрөгүм
Өзүң деп жүрөмүн
Өрт болуп күйөмүн жаным

Жаз болуп күтсөм
Жамгырдай төксөм
Маңдайга демек жазды
Кыялга батсам
Кучагың жайсаң
Сагынамын ошол жазды

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *