Өзгөрүлдүм назданып, сүйүү келгенде,
Өкүнбөймүн багынсам да, сендей жигитке.
Канаты бар перидей, алыска сабалап,
Кыялдарым жетелей, учам бийикке.
Кайырма:
Коркпоймун, тааныш болуштан,
Коркпоймун, сүйүп калыштан.
А бирок, жаным, жалгызым,
Коркомун сенсиз жашаштан.
Сенсиз жаным, сенсиз жаным…
Кытыгылап сезимдер тирүү жандардай,
Жолугууга шаштырып көнүп калгандай.
Ушунчалык керемет, сүйүүнүн күчү,
Жашообуздун маңызын ээлеп алгандай.
Кайырма:
Асель Касымова — Жалгызым тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 1132