Датасы: 25.10.2021
Формат: mp3

Узак болсун алган сапар багытың
Шыдыр болсун ар бир кадам арышың
Кереги жок алтын аккан жакуттун
Ден-соолукта болуу мага карызың

Жашоомдогу эң кымбатым жакыным
Сенден бөтөн жакшылыктын баарысын
Кереги жок мага башка байлыктын
Өмүрлүү бол ощол мага карызың

Жүрөгүмө бакыт даамын тамызгын
Жан дүйнөмө жанып турган жалынсың
Кереги жок сенден башка байлыктын
Эң бактылуу болуу мага карызың

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *