Жайлоонун башы жашыл таш,
Жайма бир көкүл узун чач.
Жалынбаймын мен сага,
Жакшысын табам, башым жаш.
Кайырма:
Жайлоого чыктым эрмекке,
Жайлоонун гүлүн термекке.
Жайлонун гүлү дары экен,
Жаралап соккон жүрөккө.
Кыштоонун башы кызыл таш,
Кыйма бир көкүл, узун чач.
Кызыкпаймын мен сага,
Кымчасын табам, башым жаш.
Кайырма:
Кыштоого чыктым эрмекке,
Кыштоонун гүлүн термекке.
Кыштоонун гүлү дары экен,
Кыйналып соккон жүрөккө.
Байыш Момунов — Жайлоого чыктым эрмекке тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 215