Жаз келип айлана жапжашыл,
Жалбырак ачыла баштаптыр.
Ак куулар катарын карасам,
Аларда өзүң жок таптакыр.
Сагынып, эстедим сени,
Эстедим сени…
Көңүлүм кусага баткандай,
Көзүмдөн ысык жаш аккандан.
Көрүнөр бекен деп карааның,
Көз албайм алыскы жактардан.
Сагынып, эстедим сени,
Эстедим сени…
Канчадан жолуңду карадым,
Канча кеч келет деп самадым.
Кыялым ээрчитип сен жакка,
Кымбатым, эң кымбат адамым.
Сагынып, эстедим сени,
Эстедим сени…
Сагындым, ай, сагындым,
Ардагым…
Акмаанай Эшбаева — Сагынып, эстедим сени тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 133