Кайрылып келбедиң,
Жүрөк толкуп бир өзүңдү эңседим.
Сагындым жаным жүдөдүм, күтүп жүрөмүн,
Суранам келчи кайра.
Кайырма:
Кайгырбай, сагынбай,
Кантемин өзүңсүз жаным, ай.
Жалгызым кара көзүм, бактым өзүң,
Кайрылып келчи кайра.
Билбедиң, сезбедиң,
Бирге жүргөн күндөрүмдү издедиң.
Сагындым жаным күтөмүн, чексиз сүйөмүн,
Кайрылчы эми кайра.
Кайырма:
Сезбедиңби, билбедиңби?
Сагынып өзүңдү жүрөмүн.
Үзбөй үмүтүм, күтө берем өзүңдү.
Кайырма:
Аваз Акимов — Кайрылчы тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 562