Бир бай жомок укканды абыдан жакшы көрчү экен. Ага жомокту канчалык апырта айтышса деле баарына ишене берчү дешет. Ошентип жүрүп ал бир күнү өзү ишенбегидей жомок уккусу келип:

— Кимде ким “калп айтасың!”- деп мен ишенбей турган жомок айтып берсе, ага бир табак алтын берем”, — дейт.

Көптөр жомок айтат, бирок байдын алтынын ала алышпайт. Бир күнү Янка аттуу жомокчу байга келет.

— Байым, алтыныңды чоңурак табакка толтура сал, мен аны алып кеткене келдим.

Бай табакка алтынын үймө салып, өзү кебелбей чылымын түтөтүп, тыңдай баштады.

— Кана, айта башта, бирок табак алтындын ордуна мобул табактай болгон муштумум менен беттен ары жеп калбагыдай бол! — деп эскертип да койду.

Янка байдын маңдайына отуруп, алтындан көзүн албастан жомогун жобурап айта баштады.

— Ээ байым, бул дүйнөдө эмнелер гана болбойт! Бир жолу менин башымдан да ошондой окуя болуп өткөн… Мени атам төрөлө электе чоң атам бир балчыга малайлыкка берди.

Ал балчынын ошол кезде элүү бал челеги болуп, андан эртең менен ызылдап чыккан аарыларды бирден санап мага өткөрүп берип, мен аларды кечке жайып келгенимден кийин бирден санап, ар биринин балын саап алып, кайра өткөрүп алчу. Анткени кожоюн мени жумушка алаарда:

“Эгер бир эле аарыны жоготсоң бир жылдык эмгек акыңды бербейм,- деп эскерткен болучу.  Мына ушундай оор жумуш болучу меники!

— Болушу мүмкүн,- деп бай аны менен макул болуп баш ийкеди.

Янка табак толо алтынды карап шилекейин күрмөп, жомогун улантты:

— Бир жолу аарыларды жайыттан айдап келип санасам, бир аары жок.  Кара басты! Кудай урду! Мен аарыны издегени чуркадым. Ошентип ары-бери чуркаганымча караңгы кире баштады. Бир кезде аарынын зыңылдаганы угулду. Карасам, суунун аркы өйүзүндө жети карышкыр байкуш аарымды тегеректеп алышыптыр.

Жети карышкыр жети жагынан кол салса да болбой, аарыкем моюн бербей атыптыр. Мен ага жардам бергени чуркадым. Бирок суудан өтө турган кечмелик жок экен. Эмне кылыш керек? Карышкырлар болсо аарыны жарганы калышты.

Мен көпкө ойлонбостон: өзүмдү-өзүм көкүлдөн кармап, катуу күүлөп наркы өйүздү карай ыргыттым. Бирок аркы өйүзгө жетпей суунун так ортосуна кулап, таш байлап койгонсуп чөгө баштадым. Эсиме келип, эки жакты карап, өйдө чыгыш үчүн жол издей баштадым.

Атайылап кыянаттык кылгансып дарыянын түбүнө бирөө ушундай бир от жаккан экен, тимеле түтүндөн айлана көрүнбөйт, ал тургай балыктардын көзүнөн жаш тамып жол таппай жүрүшөт. Колум менен алды жагымды сыйпалап, кайсалап жол издеп келатсам бир түктүү тери колума урунду, жакшылап кармаласам, аюу.

Аны куйруктан алып ары-бери сүйрөйүн дегенимче, ал бурула берип, “ар” деп качырганда мен анын оозуна колумду сойлотуп барып сыртынан табылбаган куйругун ичинен кармап алдым.

Коркуп кеткен аюу катуу булкунганда дарыядан атып чыктык. Аюу качкан бойдон токойго кирип кетти, мен эсиме келип карасам, өзүм каалаган жээкке чыкпаптырмын. Дароо эле кайрадан өзүмдү-өзүм көкүлдөн алып, мурдагыдан да катуу күүлөдүм да наркы өйүзгө ыргыттым!

— Бул жарык дүйнөдө эмнелер гана болуп өтпөйт. Балким сеники чындыктыр,- дейт бай.

— Чындыгы го чындык, бирок зыян тартып калганым да чындык болуп жатпайбы! Анан мындай болду… Мен өзүмдү катуурак ыргытып алган экенмин, жээкке түшкөнүмдө жерге белиме чейин кирип кеттим. Жулкунуп көрсөм, чыга алгыдай эмесмин. Күрөксүз эч жакка жыла албасымды билип, үйгө чуркап барып күрөк алып келдим да өзүмдү ары-бери казып чыгарып эле аарыга жардам бергени жүгүрдүм.

Жетип барып карышкырларды кубалап карасам, кеч болуп калыптыр. Мен ары-бери жүгүргүчө кашабалар аны жара тартканга үлгүрүп калышыптыр. Эмне кылыш керек? Мен өлгөн аарыны карышкырлар жебеш үчүн өсүп турган уйгактын жалбырагына чыгарып, дагы бир жалбырак менен үстүнөн жаап, үйдү карай жөнөдүм.

“Кырсык басты бай аке!”- дедим үйгө кирип барып. “Эмне болгон кырсык?”- деп сурады кожоюн. “Карышкырлар аарыны жара тартышты”. Кожоюндун жини келип мени тээп жиберип:

“Эми сага бир тыйын да бербейм” деди. Күнөөлүү жаным унчуккан жокмун.  Аздан соң кичине ачуусу тарап  менден сурады: “Аарыны бүт жеп кетишкен жокпу?” “Жара тартып эле кетишти дедим го”- дедим. “Андай болсо жакшы, бас, алып келели” деди ал.

Биз бал челектен эки аарыны алып чыгып, аларга араба куруп барып, ошол жактан эле өлгөн аарынын терисин сыйрып, кол-санга бөлүп жүктөп келдик. Үйгө келгенде бөлүктөргө майда бөлүп туздадык эле, он эки челек эт чыкты. Аны кожоюн экөөбүз толук бир жыл жедик.

— Дүйнөдө эмнелер гана болбойт. Балким сеники туурадыр,- деди бай башын ийкегилей.

— Ошентип бир жыл өткөн соң кожоюн мага эч нерсе бербей жумуштан бошотуп койду. Мен андан бир кесим гана мом сурап алып, андан ат жасап минип  жолго чыктым.  Чоң атамды карай келатам, анткени ал кезде өз атам туула элек болчу да. Ошентип жүрүп отуруп чытырман токойго келдим. Курсагым ачты.

Бир кезде куурулган эт жыттанды. Мурдум менен искеп көрсөм, ал карагайдын коңулунан чыгып жатат. Эмне кыларды билбей турсам майга кызара бышкан тоңкулдак көрүнүп, кайра кирип кетти.

Ачкалыкка чыдабай, карагайга тырмышып тоңкулдактын коңулуна жеттим. Колумду ага салсам батпай койду, башымды тыксам батпады, бир кезде бүт денемди салсам колок этип кирип кеттим.

Коңулда толтура бышкан тоңкулдактар бар экен, аларга тойгончо жеп чыгайын десем, семире түшкөн окшоймун, тешикке батпай койдум. Ошондо кожоюндун курч балтасы бар экенин эстей калып, ага учуп жеттим да, кайра келип коңулду кеңейте оюп, өзүмдү-өзүм чыгардым.

— Бул жарык дүйнөдө эмнелер гана болбойт! Балким сеники чындыктыр,- деп бай кайрадан тыңшады.

— Ошентип кайрадан атыма минип жолго чыктым. Балтаны болсо канжыгага байлап койдум. Ошентип келатсам атым алдыга аяк шилтебей туруп бербедиби. Эмне болуп кетти деп карасам, курч балта канжыгада салаңдап баратып атымды тең ортосунан бөлүп түшүптүр.

Шайтан алгырдын балтасы десе! Атымдан секирип түшүп, жоон карагайдан жонуп, атымдын түшүп калган ордуна чаптап, кайра жолго чыктым. Бир кезде атым баспай калганынан карасам, баягы жонулган карагайым асманга чейин өсүп кетиптир.

Мен ага тырмышып чыгып, асмандагы бейиште эмне болуп жатканын карай баштадым.

Бай чылым соргонун токтотуп сурады:

— Анан ал жактан сен эмнени көрдүң?

— Оо! Мен ал жактан эмнени гана көргөн жокмун, байым! Ошентип анан асманды көчөмө-көчө кыдырып баратсам, бир үйдө ыйыктар ичип-жеп, ырдап-чоордоп, жыргап-куунап жатышыптыр. Мен аларга кирейин дедим, бирок кызуу немелерге жакпайм го деп ойлодум. Андан ары бассам кийинки үйдө ыйык Микола азыр эле жоону сүрүп келгендей болуп, коңурукту кош тартып уктап жатыптыр. Кебетеси ал деле жакшы эле бастырган окшойт.

— Бул кызык дүйнөдө эмнелер гана болбойт! Балким сеники чындыктыр,- деди бай башын ийкей ынана.

— Чындык экени айдан ачык! Анткени өз көзүм менен көргөм! Миколадан бирдеме калгандыр деп кирсем, балакеттинби?! Эч нерсе калтырбаптыр. Бөтөлкөлөр жерде тоголонуп жатат, нан дегендин күкүмү да жок! Ары жак, бери жакты карасам, Миколанын алтын шапкеси жерде жатат. Жок дегенде ушуну алайын дагы жолдон ашкана жолукса өткөрүп карынды кампайтайын деп, аны колго аларым менен Микола чукуранып ойгонуп, кыйкырык-чуу салып, шапкесин издей  баштады. Эртерек үйдү карай сызбасам кырсыктан кутулбай калдым деп ойлонуп артты карай чуркадым. Же баягы аттан өсүп чыгып асманга жеткен карагайымды тапсамчы. Ары чуркап, бери чуркап карасам, жерде эки кулач жип жатат. Айлам кетип ошону ала калып, жерди карай салаңдатып, бир учунан бир колум менен кармап, экинчи колум менен экинчи учун кармап ылдый түшө баштадым. Бир кезде аркан түгөндү, жер болсо көрүнбөйт, өзүм болсо асман жердин ортосунда асылып турам. Дагы жакшы, жанымда курч балтам бар болчу! Аны менен асылып турган арканымдын теңинен бөлүп, кайра экинчи учуна улаштырып, тырмышып түшө баштадым.

— Дүйнөдө эмнелер гана болбойт! Балким сеники чындыктыр,- деди бай кайрадан баш ийкеп.

— Ошентип түшүп кете берип, кете берип, катуу кызыгып кетип, бул ортоңку дүйнөдөн өтүп, жер алдындагы тозокко жетип калыптырмын. Тозоктун тар көчөлөрүн кыдырып, таанышып баратам. Бир кезде сиздин маркум атаңыз ач-жылаңач, кебетеси кеткен, маанайы түшө  чочко кайтарып жүрүптүр!

Муну укканда байдын көзү акшыя түштү, оозунан чылымы ыргып кетти:

— Калп айтасың, шүмшүк! Менин атам эч качан чочко кайтарбайт!

Муну укканда Янка табактагы алтынды бурдай кармап, заматта эшиктин ары жагына шуңгуду…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок23
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *