Датасы: 02.10.2020
Формат: mp3

Насип бекен жүз көрүштүк да
Эсенчилик аманчылыкта
Ак калпакчан аталарга ак жоолуучан апаларга
Ассоолму алейкум

Балапандар шумкар болот да
Чырпык өссө чынар болот да
Кичинекей жөжөлөргө
Наристедей бөбөктөргө
Ассалому алейкум
Ассалому алейкум/

Кайырма;

Салам жалпыга
Айтам сахнада
Таазим кыламын
Элим алдында

Түркүлөнүп кийинишет да
Көз кысышып тийишишет да
Эжелерге жеңелерге
Селкилерге перилерге
Ассалому алейкум
Ассалому алейкум

Элин сүйүп жерим деген
Эр азамат элим деген
Мырзалар га жигиттерге
Агаларга инилерге
Ассалому алейкум
Ассалому алейкум

Салам жалпыга
Айтам сахнада
Башымды ийемин
Элим алдында
Тизе бүгөмүн
Элим алдында


Гүлжигит Сатыбеков — Ассалоому алейкум тексти: 2 комментарий

  1. Башымды ийем деп жазып койупсунар озу башкача жазылыш керек экенго көңүлүңүздү бул сөз менен кайгыртсам кечириңиз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *