Турдалы Аскарбеков — Ай чыкты тоодон суйкайып тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Ай чыкты тоодон суйкайып,
Олтурсам көлдө жүз чайып.
Сүрөтүң көлдөн көрүнөт,
Сүзгөнсүп аппак жел кайык.
Көксөгөн кыял болчубу,
Көңүлүм көлдөй толкуду.
Ызааттап тосот утурлап,
Ысык бир көлдүн толкуну.
Бешенем жайнап, бой эргип,
Бетимди жуусам бой сергип.
Уучума улам урунат,
Удургуп толкун кол берип.
Берчүдөй эңчи бүгүн мен,
Бетине көлдүн үңүлөм.
Ылдамдап толкун сууларым,
Ыр сүзүп берчи түбүңдөн.
Агарып күмүш табактай,
Асманда сызып барат ай.
Эх, жыргал экен көл жээги,
Турсачы бир аз таң атпай.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp31054
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти539
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти284
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти196
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти169
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти138
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти136
Ak Orgo Boys & AB-92 — Уча бер үмүтүмдүн каркырасы108
Ak Orgo Boys & AB-92 — Апоу102
Жан Сабыров — Жаным сен101

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.