Жан тартып ардагым, жакындай албадым,
Күйүп сен жатканың сезчүмүн мен.
Өзүңө боор ооруп, бүттүм го торолуп,
Ак сүйүүм жоголуп, издедим мен.
Жолумдан адашып жүрүпмүн мен…
Кайырма:
Эзилип жүрөгүм, өзүңдү сүйбөдүм,
Сен мени сүйсөң да, жактырбай жүргөнмүн.
Кечиргин айдайым, эми адашпаймын,
Өзүңдөн башканы жактырбайм, жалжалым.
Жүрөгүм жылыбай, жаныңдан чыга албай,
Кыя албай эзилип жүргөнмүн мен.
Жандырып күйүтүм, адашып жүрүпмүн,
Бактымды түрткөнүм, кечиргин сен,
Жолумдан адашып жүрүпмүн мен…
Кайырма:
Эдил Маматов — Кечиргин, айдайым тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 480