Датасы: 25.11.2020
Формат: mp3

Бул өмүрдүн дал ортосун,
Отуз жаш деп аташат.
Бул өмүрдө кимге кайгы,
Кимге, кимге күлкү, шат.
Мына курбум, биз да эми,
Отуз жашка барабыз.
Отуз жашка эй барабыз,
Отуз жашка ээ-эй барабыз…

Кыз-келиндин көп сырлары,
Отуз жашта ачылат.
Эр-жигиттин жетилгенин,
Отуз жаш деп аташат.
Өкүнбөгүн, карыдык деп,
Эми күчкө толобуз.
Эми күчкө эй толобуз,
Эми күчкө ээ-эй толобуз…

Отуз жаш бул – орчундуу кез,
Күүгүм дебей ойногон.
Отуз жаш бул – жалындуу кез,
Ыр-күлкүгө тойбогон.
Ырда, досум! Күлгүн, досум,
Текке өмүр кетпесин.
Бекер өмүр эй өтпөсүн,
Текке өмүр ээ-эй кетпесин.

Бек Борбиев — Отуз жаш тексти: 6 комментарий

  1. Эсептеп корсом ошондо 12 де экенмин
    Азыр 36 дамын. Чон рахмат текстке.
    Жаш кезди эстеп ырдап да алдым.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *