Жан койбой тереземе келе берип,
Боз торгой талбай сайрап безеленип,
Ашыгын жоготкондой өксөөсү бар,
Жашыдым бир сезимдер эске келип.
Сайрады үйдөн кетпей тегеренип,
Таңдагы үнү бүтпөй эбеленип.
Арман, ай, сен да мендей жан окшойсуң,
Арбадың жүрөгүмдү эзе берип.
Боз торгой, боздогон бир боз торгоюм,
Бошотуп муун-жүндү козгобогун
Боору соо бул дүйнөдө ким бар дейсиң,
Болдучу, жүрөктү эзип боздобогун
Айпери Кулбаева — Боз торгой тексти
Датасы: 03.10.2020 Көрүүлөр: 755