Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Мөлтүрөп көздөрүң, мен үчүн көркөмүң,
Сезилет сүйүү балындай,
Эркем, ай, күлгөнүң, эңсесем, түрлөрүн
Гүлдөрдүн сулуу агындай.
Кайырма:
Карагат көзүңдүн,
Ушул сен өзүңдүн
Керемет сулуулугуң бар.
Эзилет жүрөгүм,
Сени издеп жүрөмүн,
Садагам, сени сүйөмүн.
Бир болсо оюбуз, бириксе жолубуз
Багыма сени жазгандай.
Элдерден издедим эркиме берилип
Эми мен сени тапкандай.
Кайырма:

Один комментарий к “Алмаз Шаадаев — Садагам, сени сүйөмүн тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *