Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Билсе деп өзүмдү өзүм,
Сезимди сез дей албайм.
Сүйүп мен өзүңдү, сүйкүмдүү көзүңдү,
А бирок тиктей албайм.
Токто деп өзүмдү өзүм,
Токтотуп кармана албайм.
Алса деп гүлүмдү, укса деп үнүмдү,
А бирок жандай албайм.
Кайырма:
Кантейин, кантейин, арман,
Катылып жүрөктө калган.
Балким, мен адашып калганмын ушул бакытымдан.
Кантейин, кантейин, арман,
Каректе бир элес калган.
Аттигиң, албырып күйөмүн сенин жалыныңан.
Чертилип терезеңден,
Жамгырдай келип кетем.
Акырын жашынып, албырып ашыгып,
Арзуумду берип кетем.
А балким, байкагансың,
Жактырып жүргөнүмдү.
Эч кимге билгизбей, эркиме жеңилбей,
Мен сени күткөнүмдү.

Один комментарий к “Тима Мукашев — Арман тексти”

  1. Саламатсызбы
    Тима байке Арман ырыныз аябай жагат кайрадан ырдап чыгышынызды суранат элем клип дагы жакшы тартылган

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *