Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Жаңыргансыйт Ала-Тоодон добушуң,
Жашаргансыйт байыркы ата-конушуң.
Сагындырып неге мынча кечиктиң,
Салам сага, санжыралуу Ноорузум
Кел Ноорузум арыш керип балкынган,
Кереметтер ар бир үйдө айтылган
Күткөн үмүт, ак тилектер ишке ашып,
Кошо келсин ырыскысы калкымдан.
Мол түшүмдүн кенчи болуп талаалар,
Моюн өңдүү гүлдөй берсин калаалар
Унутулуп капалыктар, кастыктар,
Жакшылыкка багышталсын санаалар.
Нурга бөлөп талаа-түздү, тоо учун,
Улам бийик агылууда добушуң.
Сагындырып, сагындырып келдиңби,
Салам сага, санжыралуу Ноорузум.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *