Датасы: 06.10.2020
Формат: mp3

Суйкайып тоо башынан таң аткандай,
Сулуулук бизди тартып бараткандай.
Жылыткан илебиңден кучак бошоп,
Жылдызың карегиңден жанат мага ай.
Балкыган Чолпон жылдыз батарында,
Пардасын жарык дүйнө ачарында,
Кымбат жок сенден бөлөк кантсем дагы,
Кыя албай өзүң түрсаң катарымда.
Бөлүндү колубуздун салалары,
Бөлүнбөй кош журөктүн санаалары.
Айласыз экөөбүздү ажыратып,
Аңгыча түндү серпип таң агарды.
Коштоштук кобурашпай, шыбырашып,
Кол үздүк эриндерди кыбыратып.
Жанган от менде калды ошондогу,
Жатамын азыр мына ырга жазып.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *