Суйкайып тоо башынан таң аткандай,
Сулуулук бизди тартып бараткандай.
Жылыткан илебиңден кучак бошоп,
Жылдызың карегиңден жанат мага ай.
Балкыган Чолпон жылдыз батарында,
Пардасын жарык дүйнө ачарында,
Кымбат жок сенден бөлөк кантсем дагы,
Кыя албай өзүң түрсаң катарымда.
Бөлүндү колубуздун салалары,
Бөлүнбөй кош журөктүн санаалары.
Айласыз экөөбүздү ажыратып,
Аңгыча түндү серпип таң агарды.
Коштоштук кобурашпай, шыбырашып,
Кол үздүк эриндерди кыбыратып.
Жанган от менде калды ошондогу,
Жатамын азыр мына ырга жазып.
Арзыбек Бедияров — Ошондогу жанган от тексти
Датасы: 06.10.2020 Көрүүлөр: 1837