Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Эски там ээн турат кыштагыңда,
«Эбактан ээси жок» деп бузбагыла.
Түбү бир тууган болом мен силерге,
Түңүлүп тизмеңерден сызбагыла.
Бозоргон боз там турса жол боюнда,
Боордош бирөө бар деп ойлогула.
Ата-энем ак тилектен салган эле,
Арбагын унут кылып койбогула.
Көз салып аз болсо да бак-шагына,
Жеримди алакандай сактагыла.
Тагдырга айла канча, барбай калсам,
Тизмеге балдарымды каттагыла.

Керим Турапов — Айылга кат тексти: 7 комментарий

    1. Супер мага жагат мен вакалнойдо окуйм мага бир ушул ыр жагып калса ырдай берем деп айткам болчумун ырдап көрүп мен ырдайм дегем алар сен жете албайсын дешкен бирок мен жеткемин

  1. Ыйлап жатып, ырдай албай койдум! Абдан таасирдуу, абдан сезимьал ыр! Кандай гана сагыныч жатат мунун ичинде!!!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *