Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Жарыкты суук тебелеп,
Жылдызды көккө себелеп.
Түн кирди жумшак жып-жылуу,
Ай кылып көздү тегерек.
Жымырап жылдыз төмөндө,
Ай санайт баарын түгөлдөп.
Ак куулар ойнойт өркөчтүү,
Толкунду минип жүгөндөп.
Кучактап жумшак булуттай,
Сүйөмүн дедиң унутпайм.
Ошол сөз мага гүл болуп,
Жүрөктө өсөт уруктай.
Унутпайм ошол кезимди,
Өчүрбөйм ошол сезимди.
Армандуу кылам өзүмдү,
Жылдызга толгон көзүмдү…

Нуриза Абазова — Сезимдеги издер тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *