Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Көзүңдөн мен көзүмдү ала албаймын,
Мен өзүңө батынып бара албаймын.
Эң алгачкы көз караш сыйкыры бар,
Баштаар сөздүн ачкычын таба албаймын.
Көзүңдөн мен көзүмдү кантип таптым,
Көзүң менен көзүмө алоо жактың.
Карегиңе карегим кыналарда,
Кирпигиңди тизилген медет жаптың.
Кирпигиңди көтөрчү бир аз гана,
Көз отуңдун илеби тийсин мага.
Жоодураган түн сыяк кара көздөн,
Жарк-журк этсин учкундар жылдыз жана.
Эң алгачкы көз караш нурдай болуп,
Эртели-кеч эргиткен сырдай болуп.
Эсте калат эскирбей ошол бойдон,
Эл жаттаган ашыктык ырдай болуп.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *