Сенин да бул жашоого керегиң бар,
Менин да бул жашоого керегим бар.
Көңүлүң куунак, өмүрүң узак, бар болчу, бир тууганым.
Жашоодо баары болот, чыдаш керек,
Кыйын күн, азаптарга сынбаш керек.
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк бололу, бир тууганым.
Кайырма:
Алсыз болбо, алга карап мээнет кыл,
Ал күн келет, сен тилеген, карап тур.
Жалгыз калсаң сүйгөнүңө жетерсиң,
Ата-эненин алкышына татыгын.
Жараткан белек кылган ден соолукту,
Жаралабай сактагын ал байлыкты.
Достукту бекем, пейилди кенен кармасаң кор болбойсуң.
Элиңдин бактысын да эми ойлой жүр,
Ата-энеңдин эмгегин унутпай жүр.
Жаштыгың барда, эмгектен талба, ошондо кор болбойсуң.
Кайырма:
Кайрат Примбердиев — Бир тууганым тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 1259